Энем
Энеке!
Сен да тилдеп, кээде каргап,
Жаш башты кагып-согуп жыланча арбап,
Артынан токоч берип, жашымды аарчып,
Сооротуп коюучу элең бир деме алдап.
Бир күнү багалекти өйдө түрүп,
Суу кечип, балдар менен ойноп жүрүп,
Талаадан таш талашып ыйлап келип,
Бырылдап сооронбостон салдым бүлүк.
Кээде мен жалтыратып таман кагып,
Сабооңду "айгыр" кылып минип алып,
Атамдын камчысы экөөн жоготчу элем,
Талаага балдар менен ойноп барып!
Энеке!
Дагы тилдеп, дагы каргап,
Дечү элең жалгыз бейит сорсун арбак.
Бул сөзүң ылайыксыз болсо керек,
Жалындуу жаш жүрөгүм калган кармап!
Дагы сен кайраттуу элең кайран энем,
Күрөшүп турмуш менен тепки жеген.
Бул кезде жоругуңду ойлогондо,
Кан кызып кадимкидей күчкө келем.
Эсимде!
Бир күнү атам кайгыланды,
"Сатам го жалгыз минер кер байталды",
Деди да старчындын каарын ойлоп,
Үшкүрүп жерди чукуп башын салды.
Сен анда!
Кайрат кылып кеңеш бердиң,
–Кайгыруу кылыгы эмес эмгекчи эрдин.
Эртеси чыгым жыйган старчынга,
Деп айттың "сен карышкыр эмне келдиң!..".
Старчын сени көздөй ызырынып,
Алайып чанагынан көзү чыгып,
Унчукпа!
–Каңшылаба!
–Канчык!" деди
Мактамак аны кимдер ичи жылып.
Энеке!
Ал дүйнө жексен болду.
Чырмалган эмгекчилер үздү торду.
Баш кошуп жаңы турмуш куруп жатат,
Эзилген ал күндөгү өңкөй шордуу.
Ал кезди быйыл бир күн көңүлгө алдым,
Чогулуп сени көмгөн жерге бардым.
Мүрзөңдүн тыягында кош айдаган,
Эрлерди көрдүм дагы сырга кандым.
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.
| |