Jump to content

Коштошуу

From Wikisource
Коштошуу
by Алыкул Осмонов
293154КоштошууАлыкул Осмонов

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кайда калбайт сүйгөн жардын көз жашы,
Алыс сапар, кең Маскөөгө жол алып,
Коштошорго толкуну жок көл жакшы.

Аман болсун эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек сүйгөн жардын көз жашы.
Жолтоо кылып, кош дегенди угузбай
Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы.

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек ата эненин көз жашы.
Эгер "кел!" деп ата мекен чакырса,
"Аманбы" дан "кош" деп айткан сөз жакшы.

29/ХI–1946 Чолпон-Ата


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.