Зар заман (Молдо Кылыч)
Appearance
- Зар замандын казалы,
- Калем алып жазалы.
- Жөнү жокту жаздың деп,
- Кудайым кылба жазаны.
- Молдо Кылыч мен атым
- Болжолу жок санатым.
- Чаар китептен аз окуп,
- Чала чыккан сабатым.
- Санаадагы сөзүңдөн
- Чыгаар сөзүм орундуу.
- Жигит болсоң абайла,
- Убал кылба жаныңа,
- Тазалагын жолуңду,
- Тарта жүргүн колуңду.
- Жаман адам курусун,
- Доо чыгарып бир жерден,
- Милдет кылаар жумушун.
- Жакшыларды карасаң,
- Кылганынын доосу жок,
- Сыр билгизбей тымызын.
- Мен сүйлөйүн канчаны,
- Казак, кыргыз барчаны.
- Калайыкка эринбей,
- Кетти канча далай сөз
- Кара көзгө көрүнбөй.
- Акындардын обону
- Домбуранын үнүндөй.
- Жарашыктуу зар заман
- Тоту куштун жүнүндөй.
- Бар келишкен боруму
- Кызыл кымкап гүлүндөй,
- Кандай салса жарашаар,
- Калы килем түрүндөй.
- Түшүп туруп күбүлүп,
- Ак теректин бүрүндөй.
- Көчүп турат токтобой,
- Кирекечтин жүгүндөй.
- Кызыкканда жакшы сөз
- Кызыгышкан оюндай.
- Айдап келем көп сөздү
- Кербенчинин коюндай.
- Тилим шыдыр, түздүгү
- Зым карагай жолундай.
- Баары жогу тийимдүү
- Бардеңкенин огундай.
- Маани билбес эсерге,
- Башка тийген союлдай.
- Тегеретээр көңүлүңдү
- Тегирмендин огундай.
- Акылы бар адамга
- Тынч олтурган орундай.
- Тили жүйрүк акындар
- Сөзү сайдын ташындай.
- Кенендигин сурасаң,
- Кең Кочкордун сазындай.
- Зар заманды байкасаң,
- Даамы татты казыдай.
- Эч болбосо ширеси
- Чекендинин ашындай.
- Кулагыңа жугумдуу
- Көк темирдин датындай.
- Асан кайгы жигиттер
- Эри өлгөн катындай.
- Зардабы бар боз балдар
- Заяпкердин атындай.
- Пейли тардын куну жок,
- Бай да болсо жакырдай.
- Бузулганды түзөгөн–
- Жоо качырган баатырдай.
- Кыйшык сөздүү жигиттер–
- Кыянаты капырдай.
- Кылыгы жакшы боз бала
- Булу кымбат асылдай.
- Зекети жок малыңыз
- Эшек менен качырдай.
- Ишеничтүү жигиттер
- Ат байлаган акырдай.
- Жигери бар азамат
- Жыты жакшы атырдай.
- Дөөлөтү бар адамдар
- Дөбөдөгү чатырдай.
- Кайырдуу болсо журтуна
- Кала салган чарбактай.
- Кайыры жок бай болсо,
- Көрүстөндө арбактай.
- Малым бар деп кубанса,
- Беш намасты билбесе,
- Кайыр, зекет бербесе,
- Дин билбеген калмактай.
- Мен сүйлөйүн канчаны–
- Казак, кыргыз барчаны.
- Дин мусулман: ногой, сарт
- Мусулмандан таркады.
- Бу замандын адатын:
- Пейли, үрпүң айталы.
- Пейли жаман адамдар
- Өз напсине тартады.
- Абайласаң, жигиттер,
- Ата-энең Мекедей.
- Куштап жакшы бага көр
- Колуңдагы кеседей.
- Сыйлашпаган бир тууган
- Он да болсо, жекедей.
- Көп сүйлөгөн маңгилер
- Күзгү кирген текедей.
- Жаман болсо катының
- Ичтен жеген митедей.
- Кутулууга көңлү бар
- Караңгы түн кечедей.
- Тил албаган балаңыз
- Бел ашпаган арыктай.
- Кетейин десең, айла жок,
- Каралайсың, жүрөсүң
- Оору баккан табыптай.
- Байкасаңыз бу сөзүм–
- Жалган эмес, аныктай.
- Изаты бар боз балдар
- Казылбаган арыктай.
- Кең пейилдүү жигиттер
- Сары өзөн жайыктай.
- Дүнүйөкор адамдар
- Жалган сөзү аныктай.
- Жаман айткан суук сөз
- Көңүлүңө салыктай.
- Туруп калаар так болуп
- Көкүрөкөө айыкпай.
- Мен сүйлөйүн сиздерге
- Буудай үрөн чачкандай.
- Кызыса тилим чуркайды,
- Кызыл буудан чапкандай.
- Кызыл тилим чыдайды,
- Кең казына тапкандай.
- Кызыл темир үстүнө
- Ура берсе чоюлбайт,
- Дөшү менен барскандай.
- Токтоосу жок жигиттер
- Жардан коен качкандай.
- Тил албаса аныгы
- Тим жүргөнү шашкандай.
- Бир чочутаар жаныңды
- Ыйманы бар ургаачы.
- Алал болот үйүндө
- Аскан казан, тулгасы.
- Ал өңдөнгөн катындар
- Акыреттин жолдошу.
- Жакшы катын белгиси
- Жарык болоор кабагы.
- Кичи пейил, уяттуу
- Жаш баладай сыягы.
- Ал өндөнгөн айымдар
- Шарияттын чырагы.
- Жаман катын белгиси
- Ызааты жок сөзүндө.
- Эрден мурун сөз айтаар,
- Уяты жок жүзүндө.
- Эрден коркуп көнбөгөн,
- Ыйманы жок бетинде.
- Ал өңдөнгөн катындар
- Жети тозок отунда.
- Акылы жок катындар
- Аңги койгон айгырдай.
- Эрки менен сүйлөйдү
- Эч кишиден тайманбай.
- Кыз баланын жакшысы
- Күмүш, шаңшуур жамбыдай,
- Качан болсо кымбатка
- Адам качпай алгыдай.
- Жаман болсо кыз бала
- Жазгы конгон коноктой,
- Үй-бүлөсүн жүдөтөөр
- Мизи мокок ороктой.
- Азаматтын жакшысы
- Жүк көтөргөн атандай.
- Жүзү жарык эр болсо,
- Кайнап турган казандай.
- Ыкыбалуу жакшылар
- Эл көзүнө мазардай.
- Пайдасы жок байларың
- Малы тоодо жапандай.
- Сөз билбеген жамандар
- Камчы билбес кашаңдай.
- Жаман айткан суук сөз
- Көңүлүңдөн кетээрби?
- Бөөдө каргыш адамга
- Канча кылсаң жетээрби?
- Акылы бар адамдар
- Шариятты ойлоду.
- Биз өңдөнгөн наадандар
- Өз билгенин койбоду.
- Арам дөөлөт байларың
- Малга көзү тойбоду,
- Өлгөнүнүн этин жеп,
- Колу менен сойбоду.
- Жакшыларды карасаң,
- Адыл ою болбоду.
- Адам акын жесе да,
- Дүнүйөсү толбоду.
- Молдолорду карасаң,
- Ак селдесин үзбөдү,
- Аят, адис сөздөрдү
- Акыл менен болжоду.
- Напси бузук кургуру
- Ак тайгандай жойлоду,
- Кайда өлгөн-житкенге
- Барамын деп койбоду,
- Тил билгилүү азамат
- Дили жумшак жакшыдай.
- Ар боруму түз болсо
- Алтын күрсү тактыдай.
- Ичиңдеги сырыңды
- Акыл менен тапкыдай.
- Азаматтын жаманы
- Иттен бетер капкыдай.
- Айткан сөзү көк чыгаар
- Көңүлүңө баткыдай.
- Акылы бар азамат
- Зьмга тарткан күмүштөй,
- Айткан сөзү ширелүү
- Демдеп койгон күрүчтөй,
- Консоң, сага жай болот
- Кол алышкан билиштей.
- Керсөң көзгө толумдуу
- Көрөңгөлүү идиштей.
- Боз баланын жаманы
- Чатак болот кыялы.
- Айткан сөзү адамга
- Урушкандай сыягы.
- Эси жетпес алардын
- Куру кайрат жел өпкө,
- Болбос ишти үйрөнөөр
- Мен кыйынмын демекке,
- Минген атын күлүк деп,
- Бек теминип мактанаар.
- Адамда жок эрсинип,
- Куру бекер таптанаар.
- Акылы бар азамат
- Ар нерседен сактанаар.
- Эси жоктун барысы
- Болбос ишке капталаар.
- Куру кайрат боз бала
- Жасоол жыйган урушта
- Ошондо болоор маскара.
- Кайрат кылбас теминип,
- Качалыдан башкага.
- Катуу тийип качырып,
- Уруштарга жарабас.
- Камчы тийсе кокуйлап,
- Жолдошуна карабас.
- Эси жоктун баарысы
- Ушундайды санабас.
- Мактансаңыз мактангын,
- Мына мындай иш болсо,
- Өлсөң дагы качпагын.
- Кача турган болгон соң,
- Куру кайрат айтпаңыз.
- Азаматтын акмагы
- Болбос ишти болжойду,
- Уруп кетээр жер келсе,
- Кой десең да болбойду.
- Тең келишкен жоо келсе,
- Жүр десең да болбойду.
- Акылы жок, жел өпкө
- Өз кайратын эр көрөөр.
- Бир өзүнөн башканы
- Адам дебей, чөп көрөөр.
- Акылы бар азамат
- Кылган ишин эп көрөөр,
- Эси менен иш кылса
- Элдин баары эп көрөөр.
- Эрегишкен душманга
- Жалгыз кирген эр эмес.
- Аралашып калган соң,
- Качып кирген жол эмес,
- Жатып калган адамды
- Чаап кеткен кол эмес,
- Акылы жок акмактар
- Эчтекени кенебес.
- Кайраты бар азамат
- Элден мурун качпайды,
- Канча союл тийсе да,
- Акылынан шашпайды.
- Эси жоктун баарысы
- Мурун чырды баштайды,
- Эки камчы тийгенде,
- Качаар жолун саптайды,
- Кайраты бар азамат
- Жолдошуна кайрылаар.
- Жүрөгү жок ургандар
- Качып берип сайдыраар.
- Мактангандын баарысы
- Акмактыгы көп болоор,
- Арты-кийнин ойлобой,
- Элге шылдың кеп болоор.
- Акылы бар азамат
- Ар нерсеге бек болоор,
- Канча коркок болсо да,
- Сыр алдырбас кишиге.
- Мактанганга көөнү жок,
- Сөз батыраар ичине.
- Ызаат кылып тил алаар,
- Аксакалдын сөзүнө.
- Жел өпкөлөр кубанаар
- Балбан болсо күчүнө.
- Жанагыдай иш болсо,
- Жардам болбос кишиге,
- Азаматтар аңдачы,
- Айтканымды тыңдачы.
- Билип алган акылың
- Бетиңиздин пардасы,
- Ызааты бар жигиттин
- Жанына көп пайдасы.
- Бу жалганда болбосо,
- Акыретте айласы.
- Ызааты бар кор болбос,
- Ачуу кылган чоң болбос,
- Ичи бузук жигиттин
- Асты иши оң болбос.
- Кудай берген ырыскы,
- Канча берсе жоголбос.
- Малы бардын көөнү ток,
- Жарды дебей, бай дебей
- Ыгы келсе, колу шок.
- Шариятка тууралап,
- Кудай деген пенде жок.
- Бетегелүү тулаң чөп
- Илгеркидей жерде жок.
- Бир кишиде миң жылкы,
- Издеп жүрсөң элде жок.
- Адилеттүү жакшылар
- Асабалуу желектей.
- Саяласаң көлөкө
- Жапан чыккан теректей.
- Агайындын пайдасы
- Сүтү мүрөк инектей.
- Кебетелүү кыз бала
- Тамга тарткан сүрөттөй.
- Салакалуу боз бала
- Сүйлөгөнү жибектей.
- Берекелүү байларың
- Мөмөлөгөн алчадай.
- Алдуу-күчтүү азамат
- Жыгач кескен балтадай.
- Темгектеги жакшылар
- Темир сайган арчадай.
- Топ жыйында сакалдуу
- Тоого чыккан арчадай.
- Куну кеткен байларың
- Үшүк алган арпадай.
- Азаматтын ач көзү
- Журтка түшкөн каргадай.
- Көрүнгөндү көп карайт,
- Алды-кийнин карабай.
- Зар замандын санаты,
- Сайраганын карачы.
- Динге кубат берсин де
- Дин мусулман баласы.
- Алла таала кудурет
- Ар түрлүү жан жаратты,
- Насип салып баарысын
- Жер жүзүнө таратты.
- Баарысынан чоң кылып,
- Пилге берди кубатты.
- Жалпы журтту кубантып,
- Падышага суратты.
- Акын кылып бирөөгө
- Арбын берди жамакты.
- Пендесине буюрду
- Кылыч, мылтык, жаракты,
- Күнөкөргө көргөздү
- Бозо менен аракты.
- Билип окуп жүрсүн деп,
- Берди китеп-аятты,
- Жаратканын кудайдын,
- Жан-жаныбар туулду,
- Туулгандын баарына
- Ажал өлүм угулду.
- Пейли жакшы пенделер
- Билип алып туюнду.
- Туюнгандын баарысы
- Жакшылыкка бурулду.
- Жан кишинин баарысы
- Жаман ишке бурулду,
- Жашырса да айыбы
- Элге дайын угулду.
- Сөзгө жүйрүк алдамчы
- Акыретте ошонун
- Убадасы жалганчы.
- Сөзү жалган азамат
- Кылган иши булганчы.
- Сергек болсо боз бала
- Саяпкердин атындай,
- Кең пейилдүү азамат
- Бир болуштун башындай.
- Асан кайгы азамат
- Эри өлгөн катындай,
- Пейили тар, куну жок
- Бай болсо да бакырдай.
- Касиеттүү молдолор
- Колго алган чатырдай. ^
- Бузулганды түзөгөн
- Жоо качырган баатырдай.
- Кычык сөздүү азамат
- Кыянаттуу капырдай.
- Боруму түз боз бала
- Булу кымбат асылдай.
- Зекети жок малыңыз
- Эшек менен качырдай.
- Баласы жок адамдар
- Чөп чыкпаган такырдай.
- Ишеничтүү азамат
- Ат байлаган акырдай,
- Сөзү жакшы карылар
- Суйлөгөнү акындай,
- Карындагы каймак май
- Жыты жакшы атырдай.
- Дөөлөтү бар жакшылар
- Дөбөдөгү чатырдай.
- Сөз байкаган азамат
- Ишке жетээр кубаты.
- Касиеттүү адамдын
- Кабыл болоор дубасы.
- Асман менен кайыган
- Учаар куштун канаты.
- Жүгүргөндө ачылат
- Чапкан күлүк сапаты.
- Таалим алган устатың
- Кол тапшырган пириндей.
- Касиеттүү молдолор
- Стамбулдун дининдей.
- Дили жумшак молдолор
- Жакшы чыккан эгиндей,
- Сүйлөгөнү насыят
- Пайгамбардын кебиндей.
- Касиеттүү молдолор
- Мазары бар дөбөдөй.
- Күндө жыйын эшиги
- Эл бийлеген төрөдөй,
- Напси бузук кургуру
- Жалган айткан күбөдөй.
- Кылган ишин карасаң,
- Капыр болгон немедей.
- Ыкыбалдуу жакшылар
- Көлгө жүргөн кемедей.
- Кайда болсо мал даяр
- Бышып турган мөмөдөй.
- Кайраты бар азамат
- Кара болот өгөөдөй.
- Өнөрү бар боз бала
- Жакшы кайрак өгөөдөй.
- Акылы бар карылар
- Жаңы келген күйөөдөй.
- Сабыры көп адамдар
- Жүк көтөргөн төөдөй,
- Көркү жакшы кыз бала
- Көл боюнда кырчындай.
- Булу кымбат канчалык
- Ак алмаздык курчундай.
- Бар келишкен боруму.
- Ажы болгон адамдар
- Пайгамбардын туундай.
- Башындагы селдеси
- Ысык-Көлдүн куундай.
- Мектептеги балалар
- Желедеги кулундай.
- Пейли жакшы молдолор
- Бетегелүү булуңдай.
- Кыялы түз катындар
- Кызыл жардын булуңдай.
- Кызыктыгы баланын
- Кыз да болсо уулдай.
- Адам ата, Ово эне —
- Бир-канчалык көп бала —
- Экөөнөн туулду.
- Дин мусулман, капырлар
- Шол адамдын уругу.
- Алда таала барманы,
- Өкүмдүгүн жүргүзүп,
- Пашааларга так берди.
- Акыретти көрсөтүп,
- Пайгамбарга бак берди.
- Китеп сөзүн билмекке
- Молдолорго кат берди.
- Чечен кылды бирөөнү,
- Сүйлөгөнү эп келди.
- Жакшы менен жаманды
- Өзү билип текшерди.
- Кудурети кудаанын
- Күндү көккө жүргүздү.
- Айды жарты чыгарып,
- Арбын кылды жылдызды.
- Кара сууга сүздүрүп
- Асыл кылды кундузду.
- Он сегиз миң ааламды
- Орду-ордуна тургузду.
- Суу түбүнөн жай берип,
- Жылма кылды балыкты,
- Жадигерге буюрду
- Дуба менен арыпты.
- Караңгы түн чыгарып,
- Күнгө берди жарыкты,
- Азиз кылып жаратты
- Олуялар шайыкты.
- Узун өмүр көрсөттү
- Улукман аким табыпты.
- Алтымышка чыгарып
- Эмдигини карытты.
- Тирүү койду көргөзбөй,
- Азирет Илияс кайыпты.
- Денени куртка жедирди
- Азирети мирсал Аюпту.
- Ургаачыга пир кылды
- Бүбү, Батма зайыпты,
- Камкор кылды биздерге
- Нурмукамбет абидди.
- Кудай үчүн иш кылсаң,
- Акыреттик кереги.
- Тобо кылсаң, жок кылаар
- Канча болсо күнөөнү.
- Кудай билет жарандар
- Көп жашабай өлөбү.
- Тагдыр жетсе, жаныңыз
- Учуп кетээр чымындай.
- Денең калаар суналып
- Буту-колуң жылынбай.
- Тирүүлүктө көркүңүз
- Ак сарайдын сырындай,
- Өлгөндөн соң дүнүйө
- Кереги жок кымындай.
- Арбагы чоң жакшылар
- Миң кишинин деминдей.
- Ырыскы, насип канчалык
- Кызыл алтын кениндей.
- Эл-журтуна аркасы
- Тоосу бийик сеңирдей,
- Ага-ини пайдасы
- Күлүк аттын жеминдей.
- Дөөлөтү бар жакшылар
- Кырчыны көп өзөндөй.
- Сөзгө даана карылар
- Айткан кеби меселдей.
- Казыналуу молдолор
- Кереметтүү эшендей.
- Акылы бар азамат
- Айткан кеби нускадай.
- Колунда жок эр жигит
- Жетишпеген кыскадай.
- Акылы мол, малы жок,
- Аспабы жок устадай.
- Сыйлашпаган тууганың
- Атасы жат башкадай.
- Тил билгилүү боз бала
- Жетелеген коштоодой.
- Сарамжалдуу азамат
- Чегип койгон почтоодой.
- Кайраты бар жакшылар
- Кара коргон гүл бактай,
- Ынтымагы бар болсо,
- Мазары бар чарбактай.
- Тил алышып турган соң,
- Бузулбаган каймактай.
- Ынтымагы келбесе,
- Бактысы жок арбактай.
- Кыйып кетээр бир-бирин
- Кытай, кыргыз, калмактай,
- Айыл бузган азамат
- Уй качырган сайгактай.
- Токтоосу жок адамдар
- Оюн салган тайлактай.
- Сөз бербеген жөө чечен
- Учуп жүргөн камгактай,
- Пайдасы жок сөзүңүз
- Чөп чыкпаган кайрактай.
- Өзү жеке сүйлөйдү
- Ала качкы жайдактай.
- Буйрук болсо алладан
- Биз да бир күн өлөбүз.
- Жакшылык менен жамандык
- Жазуубуздан көрөбүз.
- Жан аманат болгон соң,
- Жакшы кепти сүйлөңүз.
- Жазыгы жок адамды
- Эч бир жаман көрбөңүз.
- Жаман айтып чагылтып,
- Жанга азар бербеңиз.
- Жакшы чыксаң түбөлүк
- Жүрөсүңбү жалганда.
- Акылыңдан пайда жок
- Акыретке барганда.
- Эли-журтуң не керек
- Эркиң кетип калганда.
- Байкасаңыз дүнүйө,
- Пайгамбардан калган да.
- Падыша болуп жүрсөң да,
- Бир өтөсүң арманда.
- Кыз баланын жакшысы
- Күзгүсү бар айнектей.
- Жакшы кийим жарашаар
- Жашыл моюн өрдөктөй.
- Карап турсаң чырайын
- Таза жууган көйнөктөй.
- Жетпей жүрөөр далайы
- Күкүк менен зейнептей.
- Дүнүйө кимде көп болсо,
- Кайда болсо жыргайды.
- Сарт, ногойдун баарысы
- Шаар куруп, там салды.
- Ойлосоңуз мына бу
- Орус, кытай тууганды.
- Чарбак куруи, бак тигип,
- Калың терек, тал кылды.
- Кызыл терек булуну
- Кымбат кылып, мал кылды.
- Алакандай кагазды,
- Беш коконго баа кылды.
- Мына бу тыйын чыкканы
- Береке журттан тайылды.
- Жылас болгон замана
- Жылдан жылга тарылды.
- Бышыксынган адамдар
- Бересеге чарпылды.
- Алык-салык көбөйүп,
- Бей-бечара зарылды.
- Шарият иши бүт калып,
- Закон деген табылды.
- Молдолор кылды борумду,
- Башка селде коюлду.
- Өлүк өлгөн жер болсо,
- Орой басып чогулду.
- Байкасаң, баары алууда,
- Байлады шайтан жолуңду.
- Кудайдын сөзү куранды,
- Курандан таалим ким алды,
- Алым-таалим болгон соң,
- Чакырбас жерге не барды.
- Китептен көрүп турабыз
- Жакшылык менен жаманды,
- Абайлап жүрсөң болбойбу
- Аят, адис кабарды.
- Молдолор курсун, акыры
- Баарынын бузук мүнөзү.
- Акылы жаман баарынын
- Агарган менен төбөсү.
- Башында туруп кор болду
- Пайгамбардын селдеси.
- Дилинде шайтан жолу бар
- Тилинде актын келмеси.
- Молдо болсоң, көңүлүн
- Оорутпагын адамдын.
- Динге залал келтирбе,
- Текебердүү жаманды.
- Карап жакшы окугун
- Калет кылбай куранды.
- Чакырбас жерге барбагын,
- Собоп иштен калбагын.
- Доорон болсо талашып,
- Адиясын билбей, албагын.
- Минтпей турган болгон соң,
- Башыңа селде салбагын.
- Баарысын бирдей кор кылып,
- Колуңа теспе албагын,
- Селденин билсең маанисин,
- Пайгамбардын таажысы.
- Жакшылап тутсаң башыңа
- Ыйманыңдын дарысы.
- Иштенсең китеп кагазга,
- Эгиет кылгын намазга.
- Өлөөрдө тобо кылам деп,
- Өткөрө жолдон адашпа.
- Билип айткан молдонун
- Сөзүн бузуп талашпа.
- Ушунча журтту сураган,
- Кагылайын кудай, ай,
- Кай жеринде куту бар.
- Чочкону малдай айдаган,
- Капырлыгы эмеспи,
- Арамды билбей чайнаган.
- Кудай өзү сактагын,
- Динге залал болот деп,
- Түбүнөн адам чочунат...
- Акылы менен бачагар
- Араба минди, ат чекпей.
- Кош аяктуу араба
- Жаңы чыкты, ат жетпей.
- Кандай кылып жүргөнүн
- Карап туруп, көз жетпей.
- Дөңгөлөгү, ээси,
- Жүрсө кетет ит жетпей.
- Минип көрсө аныкы
- Бутта экен тетиги.
- Жүрүп кетсе, бачагар,
- Аттан кыйын жетиги.
- Мындай сонун нерсе жок
- Кубандырат кишини.
- Көрбөгөндү көрөөрбүз,
- Өлбөй тирүү биз турсак.
- Укпаганды угаарбыз,
- Дагы жаңы сонунду
- Биз эшитип тураарбыз.